Жээнбеков: Соттук реформа жаңылган адамдарды түрмөгө салбай, аларды оңдоого өбөлгө түзөт

Окуялар тизмеги 27 Фев 2019 10:29
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бул тууралуу 27-февралда «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» деп аталган жыйында сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчы ошондой эле жаңы кодекстерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да окуп, терең түшүнүк алууга тийиш экенин белгиледи. Анын айтуусунда, соттук-укуктук реформа жаңылган адамдарды түрмөгө салбай, аларды оңдоого өбөлгө түзөт. «Жаңы кодекстерди ишке киргизүү үчүн коомчулуктун жардамы керек, бул реформа сот, укук коргоо органдарынын кызыкчылыгын эмес, жарандардын укугун коргоо» деп белгиледи президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жыйында корррупция жөнүндө да айтып, паракорчулук менен күрөшүү уланарын билдирди.

Ушул тапта Улуттук филармонияда «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» деп аталган жыйын өтүп жатат. Ага бардык облустардын жана райондордун жетекчилери катышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.