Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүүдө системалуу иш жок

Окуялар тизмеги 27 Фев 2019 10:46
0 ой-пикир

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү багытында системалуу иш жүрбөй жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» деп аталган жыйында сүйлөп жатып билдирди.

Президент бул үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сынга алды. Ошону менен катар акимдердин укугун кеңейтүү керек экенин белгиледи.

Мамлекет башчынын пикиринде, жергиликтүү бийликтин ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн атайын критерий иштеп чыгуу зарыл жана аймактарды өнүктүрүү боюнча ырааттуу иш жүргүзүү үчүн бир мамлекеттик органды аныктоо керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.