Кыргызстанда 2018-жылы 522 киши өз жанын кыйган

Окуялар тизмеги 25 Фев 2019 09:41
0 ой-пикир

Кыргызстанда 2018-жылы 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, 2018-жылы суицидге барган жарандардын саны көбөйгөн. 2017-жылы 490 киши жанынан кечсе, алардын 91и аялдар.

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов паралментте баяндама жасап жатып үй-бүлөлүк чыр жана ата-эне менен пикир келишпестик өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусунун башкы себеби болорун белгилеген. Мамытов 2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы суицидге байланыштуу 95 факт катталганын айтты. Алардын 56сы эркек, 39у кыз балдар болгон. 92си мектеп окуучулары, коллеж студенти үчөө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.