Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнү менен куттуктады

Окуялар тизмеги 23 Фев 2019 10:46
0 ой-пикир

Жаштар арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат. Мамлекет башчы Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ыйык парзы экенин белгилеген.

“Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз. Мекенди коргоочуларга — өсүп келе жаткан жаштарыбызга зор үмүт артабыз. Аскер кызматы дайыма мамлекеттин тиреги жана ата-бабаларыбыздын мыкты салттарын улап кетүүнүн жакшы көрүнүшү болуп келген. Жыл өткөн сайын өлкөбүздүн жаштары арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатканы жакшы саамалык.”, — деген Жээнбеков.

23-февраль — Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган.

2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.