Жалал-Абад соту токко урунуп, эки колу кесилген жоокердин иши боюнча айыпталган аскерлерди актады

Окуялар тизмеги 22 Фев 2019 09:38
0 ой-пикир

Жалал-Абад облустук соту кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевдин иши боюнча айыпталган аскерлердин жазасын кыскартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

21-февралда чыккан соттун чечимине ылайык, №30295 аскер бөлүктүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары толук акталды, курулуш маселеси боюнча сержанттын жазасы бир жыл шарттуу деп белгиленди. Былтыр 30-ноябрда Майлуу-Суу шаардык соту экөөнү тең үч жылга шарттуу кескен.

“Кылым шамы” уюму облустук соттун чечими колго тийсе, Жогорку сотко даттана турганын айтты.

Майлуу-Суудагы аталган аскер бөлүгүндө кызмат кылган Сапарбаев 2018-жылдын 8-августунда кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Сапарбаевге дарыгерлер эки жолу операция кылып, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан.

Руслан Сапарбаев — Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал 2018-жылы жазында аскерге чакырылган. “Кылым шамы” уюму жоокер энеси менен чогуу батирде жашай турганын, үйү жок экенин, мамлекеттен турак жай өндүрүү маселеси да каралып жатканын кабарлаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.