Партиялар жана партиялаштар шайлоо шарапаты башталдыбы?

Саясат 18 Фев 2019 18:27
0 ой-пикир

Кыргызстанда шайлоого аз убакыт калды. Саясий күчтөр жана фигуралар бири-бири менен биригип, тандем түзө турган маал да алыс эмес. Шайлоого даярдык “процесси башталганы” көрүнүп турат, дегенибиз өлкөдө баардык күчтөр тынчып калышты. Күтүү режиминде. Эч ким кечигип калгысы келбейт, ошол эле маалда алгачкы кадамдарын да таштоодон тартынып турушкандай. Баарынын максаты бирөө, парламенттин кийинки чакырылышында Жогорку Кеңештен орун алуу.

Көчөдө, аянттарда айрым акциялар, митингдер болгону менен, саясатчылар азырынча үндөбөй отурушкан маалы. Жаңылып калуудан кооптонуп жатышат, анткени келечекте ким менен кайсы багытта кетери белгисиз. Саясатка аралашууну каалагандар кайсы бир кеңселерде, балким үй-бүлө мүчөлөрү мененби каржылык мүмкүнчүлүктөрүн карап, капчыктарын эсептеп башташты. Бирок кандай болгон күндө дагы баягы эле баарыбыз билген партиялар жана ошол эле саясатчылар парламенттин курамын түзүү үчүн талапкерлерин топтойт. Жаңы, масштабдуу нерсени күтүүнүн деле кереги жок.

Аны менен катар эле, парламентте отурган партиялардын башынан бир топ оор күндөр өттү жана учурда ошол абалдан чыгуу алардын башкы максаты. Ошол эле «Республикой-Ата Журт» партиясын карап көрөлү. Анын лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышып, натыйжада партиядан жана саясаттан баш тартып койду. Шайлоо алдында түзүлгөн структуранын өзү эле башынан эле бекем эмес эле, дегеним, эки саясий күч бул чакырылыштын иши башталганда эле бир пикирге келе алышкан эмес. Бирок ага карабастан фракция ичинде эки партиядан куралган мүчөлөр иштеп келишет. Келечегин ойлоп, өз орундарын сактап калуу үчүн жасалма болсо дагы ынтымагын көрсөтүүдөн башка аргалары жоктой. Бул фракция бир позицияны карманат жана ырашкерликте иш алып барат деп айтуу кыйын.

Ал эми «Ата-Мекен» тууралуу айтсак, бул башка кеп. Себеби аларда биримдүүлүк, позиция, фракциянын пикири бар. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев түрмөдө, бирок бул абалдын терс таасиринен партия акырындап чыгып келе жаткандай. Бирок лидеринин камакта жатып, өзүн курмандыкка чалып жатканы партиянын рейтингин алда канча жогорулатып коюусу толук ыктымал. Албетте, лидердин шайлоого катышары же катышпасы чоң суроо жаратат деңизчи, бирок бул фактор терс таасир тийгизет десек жаңылышкан болобуз.

Бирок Кыргызстанда эң маанилүү болгон каржы булактарын пайдалануу менен эч кандай идеологиясыз, программасыз, күчтүү лидерсиз эле баардык каалоого жетүү мүмкүн экени жашыруун эмес. Мисалы, «Кыргызстан» партиясы саясий айдыңда белгилүү болуу үчүн парламенттеги убактысын пайдаланган деле жок. Алар мурдагы шайлоодогу “ийгиликтерине” кайрадан жете алышабы? Албетте, бул ишке канча каражат сала алышарынан көз каранды. «Өнүгүү-Прогресс» менен «Бир Бол» партиясын олуттуу сыноолор күтүп жатат, себеби алар партиянын курулушу менен активдүү иштеген жок. Алардын лидерлеринин образдары – бренд болбой калды. Демек, шайлоочулардын көңүлүн табуу үчүң башка жол издөө зарыл жана алар структураларын өзгөртүүгө муктаж.

Ал эми КСДПнын абалы түшүнүксүз. Булар кризисте десек да жаңылышкан болобуз, булар өзүн-өзү жок кылууга багытталган башкаруусу башаламан процессин башынан кечирип жатат. «КСДП Атамбаевсиз» кыймылы съездинин так күнүн белгилей албай жатканын маалымат агенттиктери жазышууда. 24.kg  маалымат агенттиги бул кыймылдын демилгечиси Сагынбек Абдрахманов КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго кайрылып, форумду өткөрүү күнүн тактап берүүнү өтүнгөнүн жазып чыкты. «Иса Өмүркулов фракцияны жетектейт. Ал эми аны КСДПнын саясий кеңешинин курамынан чыгаруу боюнча чечим легитмдүү эмес. Уставда ушундай жазылган. Съездди саясий кеңеш бекитет. Бизде көп суроолор пайда болду. Биз экс-президент Алмазбек Атамбаевди чакырып, отчет угуп, партиядан чыгарып, арты таза болгон төрага шайлайлык деп жатабыз»,-деген ал. Иса Өмүркулов болсо бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Өз кезегинде КСДП бул кыймылдын партияга эч кандай тиешеси жок экенин, ал эми фракция лидери Өмүркулов легитмдүү эмес экенин себеби курамдан чыгарылганын билдирип келет.

Демек, КСДП экиге бөлүнүп, кыймылдын негизинде жаңы партия пайда болуп, экстердин айрымдары ошол жакка кетеби деген ой келет. Азырынча башка жол көрбөй эле турабыз.

Парламентке келүүнү каалаган, бирок мандатка жетпеген башка күчтөр да жок эмес. Алардын өз тарыхы, шайлоочулары, түзүмдөрү бар. Сөз Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» жана «Замандаш»партиясы тууралуу болууда. Бул катарда «Мекеним Кыргызстан» да бар, ал жергиликтүү деңгээлде мандаттарга ээ болуп, атаандаштарынын тынчын алып келет.

Жыйынтыкка келсек… Парламенттин келечектеги чакырылышы азыркыдан көп деле айырмаланбайт. Балким, биз жаңы жүздөрдү, партиялар аралык биригүүлөрдү көрүүбүз мүмкүн. Бирок, жаңы прогрессивдүү элита, жаңы муун тууралуу сөз кылуу али эрте. Балким ошондуктан азыр коомчулукта оптимисттик көз карашта болгондор аздыр.

Саясий айдыңдагы оюнчулар кимдер болору го түшүнүктүү болду, ал эми оюндун эрежелери кандай болушу ыктымал? “Таза, адилеттүү жана атаандаштык жол менен келген бийлик шайлоочулар арасында ишеним жаратып, эл аралык коомчулуктар аркылуу таанылат”. Эң туура сөз.  Бул тууралуу Президенттин буйругу менен бекитилген 2018-2020-жылдарда КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында жазылган.

Шайлоо мыйзамдарын реформалоо, шайлоо укугундагы кемчиликтер, калктын шайлоого болгон ишеними тууралуу биздин кийинки макаладан таанышсаңыз болот.

 

Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.