Депутаттар Бишкек ЖЭБи боюнча маалымат угат

Окуялар тизмеги 13 Фев 2019 10:10
0 ой-пикир

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов Бишкек ЖЭБи боюнча маалымат угууну сунуштады.

Ал эртең, 14-февралда жыйындын күн тартибинен ар кандай маселени алып салуу керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өткөн жумада депутат Талант Мамытов Бишкек ЖЭБи боюнча өкмөткө берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат угууну сунуштаганын эске салды. Төрага бул маселе эртеңки жыйындын күн тартибине коюлганын айтты. Ал ар кандай маселени күн тартиптен алып салуу сунушун добушка койду. Жалпы 99 депутат катталып, 78и «макул» деп добуш берди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.