Раимкулов: Телеканалдын директору мага 6 айдан бери кысым көргөзүп иштетпей келди (видео)

Видео, Окуялар тизмеги 12 Фев 2019 13:11
1 comment

Жала-Абад облустук Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору Союзбек Абдрасулов орун басары Байгазы Райимкуловго  2018-жылдын сентябрынан бери моралдык жактан кысым көрсөтүп, иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей келген. Бул тууралуу Байгазы Райимкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын белгилешинче, директору Союзбек Абдырасулов тарабынан басмырлоо 2018-жылы 17-сентябрда башталган.

Раимкулов билдиргендей, жетекчи Фейсбук баракчасынан телеканалдын жашыруун сыры боюнча кат алышуулар болгон деген жүйө менен аны 45 мүнөт кабинетинде кармаган соң мажбурлап арыз жаздырган.

24-сентябрда Массалык коммуникациялар жана туризм департаментинин чакыруусу боюнча барып, арызды кайтартып алуу боюнча кайра арыз жазган. Аталган департаменттен кайра жумушка чыксын деген буйрук келген. Бирок ал буйрукту телканалдын жетекчиси кабыл алган эмес. Райимкуловдун айтышынча, аны кызматтан аталган департаменттин жетекчиси гана ала аларын, анда да белгилүү негиздер болушу керек.

Райимкулов өзүнүн моралдык жактан коопсуздугун сактоону жана ЖТРдеги жалпы ишмердүүлүктү текшерүүнү өтүнүп арыз жазган.

Ушул тапта арыздануучу Жала-Абад облустук Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын жетекчилигинин ишин кароо жана моралдык жактан коргонуу үчүн Призидент Сооронбай Жэээнбековго, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Капаровго арыз жазганын айтып, арызы каралып жатканын кошумчалады.

Ал эми ЖТРдин башкы директору Союздек Абдырасулов бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Раимкулов: Телеканалдын директору мага 6 айдан бери кысым көргөзүп иштетпей келди (видео)” жөнүндө бир билдирүү

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.