Кыргызстанга Путин менен Си Цзиньпиндин сапары болот

Окуялар тизмеги 11 Фев 2019 16:40
0 ой-пикир

Бул тууралуу 11-февралда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президент Сооронбай Жээнбековго маалымдап, ага карата көрүлүп жаткан даярдык тууралуу баяндады. Мындан тышкары ал июнь айында өтөрү белгиленип жаткан ШКУнун саммитине даярдык жөнүндө да отчет берди. Президенттик аппарат «Азаттыкка» маалымдагандай, президент менен министр өлкөнүн тышкы саясатына байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мартта мамлекеттик сапар менен, ал эми Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин расмий сапар менен келери кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.