Бишкекте жол кыймылын көзөмөлдөгөн камералар менен радарлар иштейт

Окуялар тизмеги 11 Фев 2019 12:35
0 билдирүү

12-февралдан тарта ишке киришүүчү камера жана радарлардын иши тууралуу бүгүн журналисттерге кеңири маалымат берилди. Ага ылайык, борбор калаанын Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия, Фучик көчөлөрү менен кесилишинде, ал эми Чүй проспектисинин Бейшеналиева, Жаш Гвардия, Фучик жана Курманжан датка көчөлөрү менен кесилишинде камералар орнотулат. Мындан тышкары Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев, Абдрахманов, ошондой эле Москва — Абдрахманов, Горький — 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар орнотулду.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты жогорулатып айдаган автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 12-февралдан тарта иштеп баштайт. Радар орнотулган жылып жүрүүчү аппараттарды адистешкен операторлор көзөмөлдөп турат.

Радарга жол кыймылын бузуп каттоого алынган автоунаалардын номуру «Инфокомго» жөнөтүлөт. Андан соң Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айып пулдун өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде «Кыргыз почтасы» аркылуу айдоочуга жиберилет. Айдоочу айыпты 1 айдын ичинде төлөөгө милдеттүү.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.