Ананьеводогу көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар кармалды

Окуялар тизмеги 11 Фев 2019 14:54
0 ой-пикир

«Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кеткен» деп орус улутундагы жаран кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замирбек Турсунбеков маалымдады.

Турсунбековдун айтымында, көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо айыл тургундарынын жеке пикир келишпестигинен улам келип чыккан. Баштапкы маалымат боюнча окуяга диний көз караштар себеп болгон эмес. Учурда милицияда тергөө иштери жүрүп жатат.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кеткен. Көрүстөндүн жалпы аянты 1,5 гектар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.