Балыкчыдагы чыр: Милиция менен чырдашкан прокуратуранын 3 кызматкери жумуштан бошотулду

Окуялар тизмеги 09 Фев 2019 10:01
0 билдирүү

Милиция менен чырдашкан прокуратуранын 3 кызматкери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Балыкчы шаарында орун алган жергиликтүү милиция менен прокуратуранынын кызматкерлеринин ортосунда мушташ боюнча текшерүүнү жыйынтыктады.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокурордун чечими менен Балыкчы шаарынын прокурору, ага жардамчысы жана прокуратураныны стажеру ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул окуя 23-декабрь күнү орун алган. Анда Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысы менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу инспектордун ортосунда пикир келишпестик чыгып, прокурордун жардамчысы инспекторду чаап жиберген. Мындан улам инспектор шаардык ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облус боюнча УКМКга өткөрүлүп берилген. Азыркы тапта иликтөө иштери уланууда», — деп билдирди мекемеден.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.