Жоокерлер укугун коргоп берүүнү суранып президентке кайрылышат

Окуялар тизмеги 08 Фев 2019 09:51
0 ой-пикир

Аскер бөлүктөрүндө жаракат алган жоокерлер ата-энелери менен жана ошондой эле №19 абакта өзүн атып алды деген аскердин апасы 8-февралда маалымат жыйын өткөрүшөт. Президенттен Кыргызстандагы жоокерлердин коопсуздугун жеке көзөмөлүнө алуусун жана жабыркаган жоокерлердин укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүшөт.

Алардын укугун коргоп келе жаткан «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, жабырланган жоокерлер жана алардын жакындары аскер прокуратурасынын ишине нааразы:

— Бизде армия бирдиктүү эмес. Куралдуу күчтөр жана аскердик түзүм деп коет. Ал эми биздин түшүнүгүбүздө жалпы эле армия, балдар да 18 жашка чыкканда Мекенге кызмат кылууга — армияга чакырылат. Бирок ӨКМ, түрмө кайтарып кызмат кылган жоокерлер бар, чек арадагы аскерлер бар. Ошондуктан жалпысынан кимге барып арызданууну билишпейт. Аскер соту жоюлуп кеткен. Аскер прокуратурасында, гарнизондордо кызматкерлер жетишпейт. Алар жеткиликтүү иш алып барбай жатат. Ушундан улам, жабырланган жоокерлер менен ата-энелери президентке кайрылып, аскер тармагына өзү көзөмөл кылып, болгон кырсыктарды терең иликтөөнү талап кылса дешет.

Азиза Абдирасулованын маалыматы боюнча, өткөн жылы «Кылым шамы» бейөкмөт уюмуна аскерден жаракат алган 7, ал эми набыт болгон 5 жоокердин ата-энеси акыйкаттык издеп кайрылган.

Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылы Кыргызстанда ар кайсы аскер бөлүктөрдөн түрдүү себептер менен беш жоокер каза тапкан. Алардын үчөөнүн гана ата-энесине компенсация төлөнүп берилген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.