Стамбулда 8 кабаттуу үй урап, кырсыктан каза болгондор, жабыркагандар, дайынсыз болуп жаткандар бар

Окуялар тизмеги 07 Фев 2019 11:01
0 ой-пикир

Стамбулда 8 кабаттуу үй урап, кырсыктан каза болгондор, жабыркагандар, дайынсыз болуп жаткандар бар. 6-февраль күнү Түркиянын Стамбул шаарында 8 кабаттуу үй урап түштү. Учурда куткаруучулар жеринде иш алып барышууда. Түркиялык басылмалардын маалыматына караганда, куткаруучулар уранды астынан 2 кишинин жансыз денесин жана жаракат алган 4 адамды чыгарышты.

Айрым маалыматтарга караганда, бул үйдө 12 үй-бүлө жашачу жана алдыңкы кабатында кийим тигүүчү жана оңдоочу ателье болгон. Ал жерде 20-25 киши эмгектенип келген. Мындан улам уранды астында кеминде дагы 20дан ашык адам бар болушу мүмкүн экени айтылууда. Азырынча үйдүн эмнеден улам урап түшкөнү белгисиз. Шаар башчылыгы имарат жардыруудан улам урады деп айтылып жаткан маалыматтарды четке кагууда.

Жергиликтүү мэрия имарат 1992-жылы курулуп пайдаланууга берилгенин, бирок 5 кабаттуу гана үй салууга уруксат берилип, 3 кабаты мыйзамсыз салынганын айтууда. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.