Казакстанда бир үй бүлөнүн 4 мүчөсү газга ууланып каза болду

Окуялар тизмеги 07 Фев 2019 16:52
0 ой-пикир

Казакстанда бир үй бүлөнүн 4 мүчөсү газга ууланып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Павлодар облусунун өзгөчө кырдаалдар кызматынын кабарлашынча, Баянаул районунун Узун-Булак айылындагы жеке үйдөн 6-февраль күнү кечки саат тогуз жарымда төрт адамдын сөөгү табылган.

Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. Кырсыктан жубайлар жана алардын 14 жаштагы кызы, 11 жаштагы уулу каза тапкан. Алдын ала иликтөөлөрдө алар газга ууланып каза тапканы аныкталган. Бир нече адам көз жумган окуя боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.

Баянаул районунун ички саясат башкармалыгынын башчысы Нурсултан Шайхиндин айтымында, бул үй-бүлөнүн дагы эки кызы бар, алар райондун борборунда окушат. Шайхин мамлекет кыздарга жардам бере турганын айтты.

4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районунда да 30 чарчы метр үйдө өрт чыгып, беш бала күйүп, каза тапкан. Балдардын эң кичүүсү үч айлык болсо, улуусу 12 жашта эле. Кырсык болгон чакта балдардын ата-энеси түнкү нөөмөттө жумушта болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.