Реплика Дата:
0 билдирүү

Урматтуу Elgezit.kg электрондук гезитинин окурмандары!

Редакция бүгүнкү күндөн тарта мурда сөз берген “блог-тизмегин” ишке киргизет. Өз тармагында ишти мыкты билген авторлор ойлору, пикирлери, байкоолору жана тажрыйбалары менен бөлүшүп турушмакчы.

Коомдук ишмер, белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов “Тарых сабактары” рубрикасын блог форматында алып бармакчы.

Ал эми өз убагында кыргыз парламентинде прогрессивдүү депутат катары таанылган Болот Мариповду экономика жана банк тармагындагылар жакшы билишет. Бүгүн ал алгачкы блогун жазды.

Ошондой эле бүгүн “блогердик карьерасын” гендердик саясат тармагындагы бирден бир абройлуу адис, юридика илимдеринин доктору, профессор Анара Ниязова да баштады. Анара Натуевна, кош келиңиз!

Саясат таануунун доктору Эмиль Джураев Кыргызстандагы саясий изилдөөчүлөрдүн жаңы толкунунун өкүлү. Автордук макалаларынан сырткары ал жеке блог дагы жазып турмакчы. Кызыктуу жана мазмундуу жазарын мурдагы макалалардан улам баарыбыз билебиз.

Абдиллабек Авазов – адабият тармагынын мыкты адиси, акын, прозаик, журналист. Алыскы аймактардын жашоосу, алар эмне тууралуу ойлонот, эмнени кыялданат, эмнеге тынчсызданат — мунун баары Абдиллабек аганын калеминен сыя болуп төгүлөт.

Блог тизмегинен футболго да орун берүүнү туура көрдүк. Сардарбек Алмаматов бул оюн кандайча жаралганы тууралуу алгачкы блогун жарыялады. Мындан ары бул темага тереңден кирген сайын ары кызыктуу болоруна шек жок, себеби бул оюн жумурай журттун гана эмес, дүйнөнүн көңүл чордонунда эмеспи.

Урматтуу окурмандар, авторлор менен пикир алмашып, ойлоруңуздарды билдирип, суроо узатып турууну сунуштайбыз. Аны менен катар эле кайсы тармак, кайсы маселе же көңүл кубантып, көз сүйүнткөн кайсы тема тууралуу окууну каалайсыздар, үн кошуңуздар… Ак жол!

Elgezit.kg

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.