Атамбаевди жек көргөн Суваналиев эмнеге кызматка дайындалды?

Коом 05 Фев 2019 18:21
0 билдирүү

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев бийликте Талас жигиттери жок экенин айтып оозун жыйгыча, жердеши Өмүрбек Суваналиев кызматка келди.

2019-жылдын 4-февралынан тарта Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасындагы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды.

Президенттин бул чечимине депутат Зарылбек Рысалиевдин бийликте аймактык теңдикти сактоо тууралуу нааразычылыгы таасир бербеген чыгар, бирок “Каттанинин” Ак үйгө кайтуусу жөн жерден эмес го деген ойду пайда кылды.

Борбордук Азия аймагындагы окуяларды башка өңүттөн чагылдырып турган, Виталий Хлюпиндин Центразия порталында Суваналиевдин өмүр баяны: “Чуулгандуу окуялары менен белгилүү генерал Ө.Суваналиев Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болду” деген аталыш менен жарыяланды. Анын өмүр баяны ансыз деле көбүнө маалым деңизчи, бирок ошол эле учурда албетте, абдан кызыктуу дагы.

Суваналиевдин өмүрүндө чуулгандуу окуялар аз болгон жок. Тээ 90-жылдары 30 жашында Суваналиев Пржевальск аэропортунда террористтерди кармоодо эрдик көрсөткөнү чуулгандуу окуяга кирбейт деңизчи. Бирок, Өмүрбек Суваналиев ошол жердеги милиция кызматкерлеринин ичинен АН-2 учагын барымтага алган террористтер менен сүйлөшүүгө барып, жада калса алардын колунан жардыруучу затты жулуп алган жалгыз милиция болгону бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет.

1993-жылы Өмүрбек Суваналиев Италиянын «Спрут» деп аталган сериалындагы башы каармандын — криминалдык полициянын жетекчисинин атынан аталып, “Каттани” деген атка конгон. Ал жогору жактан кысым болгонуна карабастан, Ысык-Көл облисполкомунун төрагасынын уулун баңги заты менен алектенгени үчүн камаган. Бул чуулгандуу окуядан кийин Суваналиев кармалган, ага кызматтык кабинетинде жеңил ойлуу кыз менен кармап алган кызматкерин сабап салды деген айып коюлуп, СИЗОго камалган. Бирок ал сотто толугу менен акталып, кайрадан кызматына келген.  Бирок 2 айдан соң өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын себебин ал: “ИИМдин облустагы коллегиясынын коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү ыкмаларына каршылык көрсөтүү” деп атаган.

Суваналиев бир дагы кызматта бир жылдан ашык иштеген эмес. Көбүнчө өз каалоосу менен жана өзүнүн пикирин билдирүү менен кеткен.

1998-жылы Суваналиев Ош облустук Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы кызматынан аткезчилик жана курал жарак ташуу боюнча иш жабылганы менен макул болбой кызматынан кеткен. Белгилей кетсек, бул өтө чоң чуу жараткан окуя болгон. 700 тонна курал-жарагы менен 20 вагон кармалган. Териштирүүлөрдөн соң өкмөт ишти жаап, куралды Иранга артка кайтарган.

2005-жылы Бишкек ШИИББинин башчысы – Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары отставкага кетип: “Мен Бишкек шаарынын тургундары көчөдө коркпой-үркпөй басары тууралуу кыялдангам. Шаарды криминалдык элементтерден тазалоого бел байлагам, бирок саясат такыр башка нукта кетти жана мен ал менен макул эмесмин” – деген.

2010-жылы июнь айындагы окуялар учурунда генерал-майор Суваналиев Ош милициясын башкарып турган. Референдум болор алдында ал эшикти тарс жаап чыгып кетип: “Мени административдик ресурсту колдонууга жана оор трагедияны башынан өткөргөн элдин добушун башкарууга аргасыз кылгандарын каалабайм… Бийликке артынан түү менен убактылуу өкмөт жарандарды өлүм коркунучуна дагы бир жолу алып келеби? Жакында эле болгон окуялар эч нерсеге үйрөткөн жокпу? Мен өз өлкөмдү жана элимди бийликтен да катуу сүйөм. Бул менин жарандык позициям”-деген.

2012-жылдан тарта Суваналиев Атамбаевге күчтүү оппозиция болуп келген.

“Мен Алмаз Атамбаев менен иштешпейм. Себеби ал компетенттүү эмес адам жана жетекчиликке жарабайт. Ал популист”,-деген Каттани экс-президентке мүнөздөмө берип жатып.

Айрым эксперттер, атап айтканда мурдагы режимге жакын Бакыт Бакетаев Суваналиевдин кызматка дайындалганы боюнча Vesti.kg сайтына пикирин билдирип жатып: “Суваналиевдин ишинде өчөшүү биринчи орунга чыгышы мүмкүн” экенин билдирген.

“Суваналиев Атамбаевди жек көрөру баарына белгилүү”, азыр болсо Бакетаевдин пикиринде, “биз бир жыл ичинде эч кандай ордунан жылбаган коррупция менен күрөшүүбүз керек. Катаал ыкмалар эч кандай жыйынтык берген жок. Системалык жылыш болуш керек. Коррупция менен “хирургиялык” жол менен эмес “терапевттик” жол менен күрөшүү зарыл”. Ошондуктан Бакетаев жогорку кызматка Атамбаевдин каршылаштарынын келиши өлкөгө пайда алып келбей эле,  Атамбаевден өч алуу үчүн убакыт короп калышы мүмкүн экенин айткан. Башкача айтканда, Атамбаевдин командасындагы саясатчы Суваналиев экс-президентке басым жасап коюшу мүмкүн экенин кыйытты.

Атамбаевдин тарапташтарынын мындай тынчсыздануусу “Кызматтык романдагы” бир эпизодду эске салды.  Людмила Прокофьевна катчысы менен бут кийимин талкуулап жаткан жери эсиңиздеби:

-Вера, сиз жаңы бут кийим алдыңызбы? — Людмила Прокофьевна чече албай жатам,. Сизге жактыбы? – Абдан эле жосунсуз көрүнөт экен. Мен мындайды албайт болчумун.

-Демек, жакшы бут кийим экен. Алыш керек.

Суваналиевдин кызматка келиши Жээнбековдун кандай адам экенине кабар берет.  Суваналиев “жөнөкөй жүргүнчү эмес”. Бетке айткан, компромисске барбаган адам. Конформист эмес.

Сооронбай Шарипович, мыкты кадр. Эл колдоп жатат.

 

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.