Темир Сариев менен Эльвира Сурабалдиеванын чыры

Окуялар тизмеги 01 Фев 2019 14:31
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева «Азаттыктын» «Секреты власти» аталышындагы берүүсүнө курган маегинде 2005-жылы анын дарегине карата ошол кездеги бийлик өкүлү тарабынан жасалган мамиле тууралуу ачык айтып берген. Эл өкүлү 2005-жылдын 10-июнь күнү атасы каза болгонун, андан кийин дароо эле алардын бизнесине, «Кудайберген» базарына жана башка ишканаларына ар кандай текшерүүлөр башталганын айткан.

«Атамды өлтүрүп кеткени аз болгонсуп, жок дегенде 7 күн күтө турушпайбы деген реакция болду. Мен 13-июнь күнү Жогорку Кеңешке бардым. Себеби атамдын жердеши компанияларыбыздын бирин тартып алганы жатат деген кабар түшкөн. Мен ошол адамга бардым. Ал мага «Жакшылыкча бер, колуңдан эч нерсе келбейт, баары бир тартып алам. Мен депутатмын, а сен эч ким эмессиң» деген жоопту берди. Бул Бакиевдерге чейинки мага карата биринчи сокку болгон», — дейт Сурабалдиева суроолорго жооп берип жатып. Ошондой эле ал өз сөзүндө мындай коркуткан сөздөрдү айткан адам кыргыз элинин белгилүү саясатчысы Темир Сариев экенин ачыктады.

Темир Сариев Сурабалдиевага интернеттен жооп калтырган. Сариев Сурабалдиева айтып жаткан 2005-жылдын июнь айында Бакиевдин бийлигине каршы жүргөндүктөн өзүнө карата да басым, коркутуулар болуп жаткан учур экенин белгилеген.

«Мага анын мындай калптарды сүйлөп жатканынын себеби түшүнүксүз. Бул анын фантазиясы же мени каралоо боюнча кимдир бирөөнүн буйругу. Ал дайыма атасынан калган мүлктөрдүн мураскору экенин айтып келет. Мен анын атасын билем, эмне менен алектенип жүргөнүн да билем. Көзү өткөн адам тууралуу жакшы сөздөрдү сүйлөш керек же такыр ал тууралуу сүйлөбөш керек деген кеп бар. Бир эле нерсени айта алам, мен 2000-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда атасына карата жарандардан бир топ даттануулар келчү», — дейт Сариев.

«Мен ал кезде кайсы бир бизнес менен эмес, саясат менен алек болчумун. Бул нерсени Сурабалдиеванын абийирине койдум», — деп кошумчалайт Сариев.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.