Орусияда сүрөт галареясынан миллион долларга бааланган картина уурдалды

Аймак, Окуялар тизмеги 28 Янв 2019 13:49
0 ой-пикир
Орусиялык сүрөтчү Архип Куинджинин калемине таандык картина Третьяков сүрөт галареясынан белгисиз адамдар тарабынан уурдалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, «Ай-Петри. Крым» картинасы сүрөт көргөзмөгө келген адамдардын көзүнчө уурдалганын күзөт кызматкерлеринин бири байкап калган.
«Кылмышка шектүү делген адамдар жогорудагы картина үчүн келгени айтылууда. Себеби «Ай-Петри. Крым» картинасын уурдоо кыйынчылыкты жаратпай турган жерге илинген. Айрым маалыматтарга караганда, бул картина аукциондо болжол менен миллион долларга чейин сатыла турганы айтылууда», — деп жазылат маалыматта.
Учурда полиция кызматкерлери кылмышкерлерди кармоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Уурдалган «Ай-Петри. Крым» картинаны сүрөтчү Архип Куинджи 1898-1908-жылдар аралыгында тарткан. Ал эми Ай-Петри тоосу — Крым жарым аралынын символу болгон эң кооз жерлердин бири.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.