Демократия жана идеология жөнүндө

Блог 26 Янв 2019 15:34
0 билдирүү

“Эгемен жумурият”, “Эркин өлкө”, “Көз карандысыз мамлекет”. Кандай айтсаң да, кандай жазсаң да эгемендик жеке атуулдук мүнөзундөгү эркиндикти, мамлекет саясатындагы өз алдынчалыкты негиздейт да, калган жашоо-турмушта, алыш-бериш алакада салыштырмалуу мааниге ээ болуп калары сабатсыз адамга деле айдын ачык маселе.

  1. Бул болсо эл аралык масштабда таанылуу, экономикалык жааттагы алакаларда эгемендүүлүктүн түпкү маңызын аныктабайт. Анткени, адамзат тукумунун өнүгүп-өсүүсү, бүтүндөй мамлекеттердин цивилизация жана прогресс жолундагы күрөшү бири-бирине тыгыз көз каранды. Аалам туңгуюгун тынымсыз кезип, өз огунда жыл он эки ай айланып жүргөн Жер эгемендүүлүгү Күн, Ай жана башка жылдыздардын абалына, тартылуу, түртүлүү күчтөрүнө, нур чачып, жарык таратышына көз каранды болгондой эле, адамзат баласынын эгемендүүлүгү да Жер-Энесинин тагдырына койондой окшош. Аларды бири-биринен бөлүп кароого таптакыр мүмкүн эмес.

Жыйырманчы кылымдын этегинде эгемендүүлүккө ээ болгон чоң-кичине мамлекеттердин өзүн-өзү тейлей албай, чет элдердин кийимин кийип, азык-түлүгүн ашап, карызга белчесинен батып жатканын эркиндик, өз алдынчалык деп кароого болобу?

Деген менен, бул аргасыздык, чарасыздык абал мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин да танууга жарабас. Дүйнө жүзүндө “Алма быш, оозума түш” деп, бекерчиликке берилип, аргасыз күн кечирген бир да калк болбосо керек. Ал кандай гана эл болбосун убактылуу кыйынчылык кыжаалатын тартат да, өнүгүүнүн өзү үчүн ыңгайлуу жолун сөзсүз табат. Алакалуу мамиледе аброй казанат. Кыргызстан да ушул мерчемден буйтап кете албады. Андыктан, оңго-солго уруна берүүнүн, бүгүнкүнү “сэллесин ал” десе “кэллесин алып”, шылый чаап, сыдыргыга салып сындай берүүнүн, өткөнгө өнтөлөп, келечекти жылчыксыз тумандатуунун кажети жок.

  1. Арийне, азыркы абалыбыздагы олку-солкулук эгемен мамлекетибизде уюткулуу идеологиянын жоктугунан экени жетидеги наристеден жетимиштеги аксакалга деле маалим. Идеология десе эле үйрөнгөн үйүтүбүзгө салып “эгемендүүлүктү орнотуучунун, демократияны куруучунун моралдык кодексин” чүргөй салууга ашыккандар да бар. Улуттук улуулуктун программасын түзүүгө киришкендер, интернационалдык-достук тарбияны күчөтүүнү жактап жаткандар да жок эмес. Буга кошумча Манасты, “Манас” эпосун идеологияга айлантуу эйфориясы да баш айлантып туру. Ырас, Манас кыргыз тукуму үчүн үлкөн сыймык, улуу тарбиянын башаты. Анткен менен башка улуттагы мекендештерибиз үчүн бери эле дегенде учурма уламыш, улуттук жомок гана. Убагында коммунисттик идеология орус улутунун улуулугун, орус баатырларын үлгү тутуу аркылуу башка улуттардын тымызын каршылыгына кабылганын, аларды акырында бүт дүйнөгө жаманатты кылганын да жакшы билебиз.

Жапан өлкөсү жалгыз улуттуу экендигине карабастан ир алды мамлекеттик идеологияны ишке ашырып, кийин гана улуттук мүнөздөгү асыл сапаттарды, максат-мүдөөлөрдү чебердик менен кынаптап, чырайына чыгара алгандыгы бүгүнкү тарыхый чындык. Америка, Швейцария, Голландия сыяктуу өлкөлөрдө жеке адамдын укугун камсыздоо, мыйзамдуу түрдө тартипти катуу сактоо, конституцияны урматтоо аркылуу патриоттуулук менен ыймандуулукту мамлекеттик идеологиянын туу чокусуна чыгарышты.

Оңго-солго урунуп, чама-чаркына карабай чайналып, өз ордун издеген Кыргыз идеологиясы постсоветтик мезгилден калган абалында сенейип турганы жалганбы. Мындан пайдаланган ар кайсыл улуттун шылуундары таламандын так түшүндө эле жеке маселесин мамлекеттик деңгээлге көтөрүп, өкмөткө өз  өкүлүн шайлоо, чакан чөйрөнүн абалын жакшыртуу, жеңилдиктерди алуу максатында ар кандай айла-амал менен талап коюудан тартынбай, Конституциялык теңчиликти танууга чейин барышууда. Алакандын отундай болгон өлкөбүздү ичинен иритип, “Өз автономиябызды түзөбүз, тилибизди мамлекеттик кылабыз” деп догурунуп, көөдөн муштап отуруп, акырында кандуу Ош окуяларынын калабасын чыгарып жиберишкенин да бүтүндөй дүйнө жүзү көрдү.

“Какаганга-муштаган” болуп, ага кошумча эле “түндүк-түштүк”, дубан, уруу-урук, кокту-колотко бөлүнүп-жарылуу сындуу илдетибизден да арыла албай келатканыбыздан кийин, “Биз кыргызбыз, улуу Манастын урпактарынан болобуз!” деп, көкүрөк койгулап кыйкырганыбызга, жумшак айтканда, жол болсун! Ырас эле улуу Манастын урпактарынан болсок, анда бир муштумдай түйүлүп, ички-сырткы душмандарга бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып каршы турушубуз талап кылынат.

Дегинкиси, мыкты мамлекеттик идеология өлкө көз карандысыздыгын чыңдоого, демократиялык реформаларды тездетүүгө, экономика менен социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, чырмооктой чырмалып кеткен  паракорлук менен кылмыштуулукту тизгиндөөгө, маданият менен билим берүүнү гүлдөтүүгө жагымдуу жагдай түзөрүн жадыбыздан чыгарбасак.

  1. Токсон жыл илгери түзүлгөн Кыргыз ССРи эгемен болбогонун элдин кемчилиги, жетекчиликтин күнөөсү катары көрсөтүүнү каалаган айрым саясатчылардын сасык философиясынан баш тартып, социалисттик түзүлүш кыргыз элинин улуттугун, мамлекеттигин калыптандырганы үчүн да тарыхый жактан таанууга татыктуу экенин унутпасак.

Кырылып-жоюлуп, түндүгү Кытайга сүрүлүп, түштүгү жан арачылап ар кайсыл элдерге сиңишип, улуттугунан, мамлекеттүүлүгүнөн, маданиятынан кол жууп каларда кыргыз элине баарын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк  түзгөн Октябр ыңкылабына, Лениндик улут саясатына, айрыкча биздин, акаарат келтирүүгө акыбыз жок деп ойлоймун. Акылман бабаларыбыз бекеринен “Бүгүн суу ичкен кудугуңа эртеси түкүрбөй жүргүн” деген эместир.

Ошол эле учурда коммунисттик идеологиянын империялык талабын тагынып алып, буга чейин кыргыздын улуттуулугу, мамлекеттүүлүгү, маданияты, жазма мурастары болгон эмес деген жалган жарлыктар али да жадыбызда. Андай болсо, бүгүнкү тарыхтан белгилүү болуп олтурган эрте замандарда Күн Чыгышта жаралган Улуу Кыргыз Өлкөсүн, Орхон-Энесайда туу көтөрүшкөн кыргыз Ажолорун, бүтүндөй Чыгышты титиреткен Кыргыз Империясын, орто кылымдарда гүлдөп-өнүккөн Кыргыз Каганаттарын, кийинки эле Кокон ордолугун, түндүк кыргыз хандыктарын кайда алпарып жашырабыз?

  1. Эми бүгүнкү кечирип жаткан турмушубузга да азыноолак токтолсок. Эң оболу – жасалма жашоодон арылдык. Биз үчүн “күн кечирүүнүн” бардык “эрежелери” алыскы борбордо иштелип чыгып, ошол жерден туруп миллиондогон элдердин моюнуна укурук салып, оюндагыдай башкарып турган сырты жалтырак, ичи калтырак саясаттан кутулдук. Адам өзүн кадимкидей адам сезип, эркин жашоо, өз оюн коркуп-үркпөстөн билдирүү укугуна ээ болуп, турмуштун туу чокуларын багынтуу мерчемине келди. Ушундай шартта гана инсандын мүнөз-касиеттери өз алдынча калыптанып, анын ар араптуу өнүгүшүнө, жалпы прогресске өз үлүшүн кошууга зор мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мурдакы заман жакшы эле деп канчалык мактабайлы, ал адамды жалакайлыкка, демилгесиздикке, жай турмуш менен жатып ичерликке түртүп, майдадан тартып чоңго чейин колу туткактык, уурулукка үйрөтүп, эмгектенүү, анын акыбетин көрүү бактысынан баш тарттырып келбедиби.

Чымыркана эмгектенбесе да, өз күчү менен жетпесе да көңүл ток жашаганга көнгөн адамдардын чөйрөсү, топтор, жалаң даярга көнгөн эрке талтаң жаш муун пайда боло баштаган. Мунун кесепети дале болсо күндөлүк көр тиричиликтен көрүнө калып жатканын жашыра да, тана да албайбыз.

  1. Ошол орус туугандарда “Бузуу – оңой, куруу – кыйын” деген сөзү бар. Анын сыңарындай, демократия десе эле делбектеп, алапайыбызды таппай өпкөбүздү колтуктап алып, ондогон жылдар бою онтоп жыйнаганыбызды бир-эки күндө чачып, жеп-ичип, ай караган текедей акыйып калган чактарды да баштан өткөрдүк го чиркин! Үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой, сүт көлүн ташкындаткан уйларыбызды, саатай чыкылдап иштеп турган зоот-фабрикаларыбызды, көмүрдөн тартып Менделеевдин мезгилдик системасындагы элементтердин дээрлик бардыгын өндүрүүгө жөндөмдүү кендерибизди таламандын так түшүндө таламай кылып, эми электр менен сууну да менчиктештиргени калдык өңдөнөт.

Кыргыздын “ата мурасы” – куру намысты бир азга болсо да тизгиндеп, чычалабай туруп эле, алыс-жакындагы кошуналарга саресеп салалычы. Алар “анысы-мунусу” жок эле өнүгүп жатышат го! Бизге деле чет жактардан ат тезегин кургатпай келип жаткан инвестиция, грант, кредит, кайтарымсыз акча каражаттарын “жеп-ичип” жибербестен, максаттуу пайдалансак кана! Токтоп турган ишканаларыбыз кыймылга келип, адамдарыбыз жумушсуз калып, орус менен казактын оту менен кирип, күлү менен чыгып, мусапыр болбой, же башка оң-тетири иштер менен шугулданбастан, өндүрүлгөн продукциянын эсебинен каржалып турган капчыгыбыз толуп, мамбюджет оожалбайт беле?!.

(Баса, биз бул жерде элибиздин ашкере “каадачылдыгын”, т.а. той-топур, аш-маараке, өлүм-житимге арналган ж.б. ысыраптуу салт-санаасын кошподук).

  1. Биздеги бир жаман адат – айыпты, күнөөнү башкалардан издөө. Бул адатыбызды таштаганыбыз эле оң. Өсүүнүн башкы булагы, таянычы да дал ушунда. Ар качандан бир качан жеңил жагына качырып, өзүнү курулай сооротууга көнгөн адамга шылтоо да, шыноо да табыла берет. Жоготконубуз – түшүмдүүлүк да, малдын саны да кескин азайып, өндүрүшүбүз акыркы жыйырма жылда очорулуп, өлөсө абалга келгени чындык. Эми болору болуп, бойоосу канган соң, буга бүк түшүп, капа этип, бирөөлөрдү күнөөлөгөндө не кажет. Мунун баары, эртең эле, буюрса, оңолот. Өзүнүн мыйзам ченемдүү, табигый өнүгүү жолуна түшөт. Азырынча мамлекетибиз жарды, дыйкан, фермердик чарбалардын өндүргөнү, тапкан кирешеси алардын тез арада оожалып кетишине огожо болбой жатат. Ал эми бөлүнгөн кредиттер дыйкандарга толук жетпей, аларды орто жолдон өөнөп кеткендер канча! Бирөөлөрдүн жок эле жерден туйтунуп, жеп-ичме акырына айланып, дыйканга жеткенче эки-үч (салыштырмалуу!) сомдук күйүүчү май, жыйырма сомду чапчып, үрөөндүн баасы да асмандап, сатып алууга айрымдардын чама-чаркы жетпей калды. Муну кээ бир атка минерлер көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен. Жыл сайын жасалып жаткан реформалардын кадырын ошентип өзүбүз кетирип жатпайбызбы!

Кредитти, мамлекеттик жардамдарды дыйкандар өз колуна алып, максаттуу пайдаланмайынча – абалдын оңолушу кыйын. Анан да, ишке тоскоол болгон, бирин-бири кайталаган арзымат ишкана-мекемелерди, өндүрүүчүлөрдүн эсебинен жашаган айлыгы чоң кызматкер, көптөгөн ашка балээ, көчкө жүк штаттарды кыскартмайынча көрсөтүлүп жаткан колдоолордун кайтарымы аз болору ачык эле көрүнүп калбадыбы.

  1. Кыскасы, “Өгүз өлбө, араба сынба” деп, аз жүрдүкпү, көп жүрдүкпү, айтор арадан дурус эле мезгил өтүп, көп неселерге паам-парасатыбыз жетип, сүткө күйгөн оозубузду айрандан да этияттап калдык го. Биз үчүн азыр бир гана жол – белди бекем бууп, билекти шымалана түрүнүп иштөө гана калды. Ошондо гана “Кыргызстан” деген “Титаник” глобалдашуу деген балакет деңиздин бороон-чапкынына туруштук берип, чөгүп кетпей сакталып калаары анык.

Эпилог ордуна: Башкасы колдон келбесе да, иштеп көнгөн элибиздин колунан ушул нерсе сөзсүз келээрине ишенемин. Аны туура жолго багыттап, баштап кетээр азаматтар гана болсо болгону! Калганы жараткан Аллах Тааланын колунда! Андыктан, таман эт, маңдай тер менен нан тапкан, бала-бакырасына кошо жалпы элди, мамлекетти баккан эмгекчи менен баба-дыйкандын эмгегинде, турмушунда Кожо Кызыр жар болгой!

 

Атайын  Elgezit.kg үчүн Кыргыз Республикасынын журналисттер Кошунунун мүчөсү, маданияттын мыкты кызматкери Абдиллабек Авазов.

Редакция: Жарыяланган материал үчүн «Elgezit.kg» жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт. 

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.