Өзбекстанда «Facebook», «YouTube» жана «Вконтакте» социалдык түйүндөрү иштей баштады

Аймак, Окуялар тизмеги 16 Янв 2019 10:11
0 ой-пикир

Өзбекстанда 14-январдан бери «Facebook», «YouTube» жана «Вконтакте» социалдык түйүндөрү кайрадан жеткиликтүү болуп, иштей баштады.

Социалдык түйүндөргө ээн-эркин кирүүгө мүмкүн болуп жатканын өлкөдөгү бардык интернет-провайдерлердин колдонуучулары ырастап жатышат.

Өзбекстанда «Facebook» социалдык түйүнү 2018-жылы сентябрда ачылбай калган. Кийинчерээк «YouTube» видеохостингине кирүү да кыйынчылык жараткан.

Интернет колдонуучулар сайттардын иштешин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Европага сапары менен байланыштырып жатышат. Мирзиёев 20-22-январда Германияга барат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.