Кыргызстан: Коррупция. Убакыттан уттуруп жатабыз

Коом 16 Янв 2019 16:32
0 ой-пикир

Өлкөдө “коррупция менен аёосуз күрөшүүнүн” жаңы этабы башталды.

Жакында коррупция боюнча дагы бир катар фактылардын бети ачыларын Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун тургундары менен жолугушуу учурунда айтып, президенттик кызматында коррупция менен күрөш негизги багыт бойдон каларын белгиледи.

Канды соргон коррупция менен күрөшүү жаатында Жээнбеков жалгыз эмес. Дегенибиз, буга чейин дагы Кыргызстандын Президенттери дал ушул көйгөй менен аёосуз күрөшөрүн айтып келишкен. Көз карандысыз жылдар аралыгында коррупция менен күрөшүү боюнча бир катар стратегиялык пландар кабыл алынып, органдар түзүлүп, Конвенциялар ратификация болуп, Жарлыктар чыкты. Ал эми Кыргызстан Эл аралык «Transparency International» уюмунун коррупция боюнча чыгарган дүйнөлүк рейтингинин жыйынтыгында 2003-жылы 176 өлкөнүн ичинен 118-орунда болсо, 2018-жылы 136-орунда. Күрөштүн жыйынтыгы кандай болгону тууралуу сандар сүйлөп турат.

Демек, коррупция менен күрөш сөз боюнча эле калганбы? Мындай болгон эмес деп ойлойм. Президенттик кызматка келгендердин баары башында бул көйгөй менен күрөшүшкөн. Жада калса тиешелүү иштерди да жасашкан. Бирок ал менен кандай күрөшүү керектигин толук түшүнбөгөндүктөн иш жарым-жартылай боюнча кала берген.

Коррупция баардык өлкөлөрдө бар. Айырмасы масштабда жана аны менен күрөшүү жолдорунда.

Мисалы, Түштүк Кореяда “Коррупция тууралуу” бир мыйзам бар жана ал дүйнө жүзү боюнча үлгү катары саналып келет. Ал мыйзамга ылайык, жашы жеткен ар бир жаран “Open он-лайн” системасы аркылуу паракорчулук фактысы боюнча иликтөө жүргүзө алат.

Ал эми өлкөнүн коррупцияга каршы башкы органы болуп саналган Аудит жана көзөмөл комитети жазылган окуя боюнча текшерүү жүргүзүүсү абзел. Баса, коррупциялык иштерге Түштүк Кореянын баардык президенттери аралашканы тууралуу маалыматтар бар. Алардын айрымдары түрмөдө болсо, кээ бирлеринин туугандары камалышкан. Буга алгачкы президент айым, журналисттердин айтымы боюнча, “шайлоо ханышасы” Пак Кын Хенин тагдыры далил. 2018-жылдын апрель айында ал коррупция жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталып, 24 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок, бул коррупция боюнча рейтингде 52-катарда турууга эч кандай терс таасир берген жок. Бул жакшы көрсөткүч

“Сингапур кереметинин” легендарлуу автору Ли Куан Ю коррупцияга каршы күрөштү “бийлик-акча-коррупция”ңң деген схеманы жоюудан баштаган. Ал үчүн коррупция боюнча Иликтөө жүргүзүү бюросу авторитардык укуктарга ээ болгон. Ал орган коррупцияга шектелген аткаминердин, анын туугандарынын банктык эсебин, мүлкүн текшерүү укугуна ээ болгон. Башкача айтканда, ал бюро жогору жактан  уруксат албай эле, соттун чечимин күтпөстөн өз ишин аткара алат.

Мындан сырткары, коррупция боюнча шектелгендерге карата айыпсыздык презумпциясы жоюлган. 1960-жылы  мамлекеттик кызматкерлердин же алардын туугандарынын кыймылсыз мүлкү пайда болсо, демек ал адам коррупцияга барды деп саналган, себеби мамкызматкердин айлыгы менен мүлк алуу мүмкүн болгон эмес. Ошондой эле анын жашоо шарты да көрсөткүч катары саналып келген.

Учурда Сингапур коррупция көрсөткүчү боюнча 7-орунда.

Биринчи орунда Дания турат. Бул кичинекей өлкө болгонуна карабастан дүйнөдө коррупция эң аз мамлекет болуп эсептелип келет. Ал жакта коррупцияга каршы күрөш жыл сайын күчөп келет.

Бирок эң башкысы коомчулук коррупцияны терс көрүнүш катары көрүп, кабыл албайт. Бул өкмөттүн ачыктыгы жана ар кандай этикалык кодекстер менен колдоого алынып келет.

Америкада мамлекеттик аткаминерлер калп тапкычтан өтүп, өзүнүн жана жакындарынын мүлкү тууралуу толук маалымат берүүсү зарыл. Ал жакта биздегидей “үй-жайсыз” кызматкерлер жок экенине бөркүмдөй ишенем.

Бизде абал кандай?

Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөрдүн ичинен Грузиянын тажрыйбасы мыкты болуп саналып келет. “Роза төңкөрүшүнөн” кийин келген Саакашвилинин командасы бир нече жыл ичинде эле өлкөдөгү коррупция боюнча абалды таанылгыс кылып өзгөрттү. Алар эч кандай жаңычылдык деле киргизген жок. Алар чечкиндүү кадамдарга барып, коомчулук менен эриш-аркак иш жүргүзүштү.

Либералдаштыруу жана экономикага кийлигишүүнү азайтуу, мамлекеттик башкаруу системасын түп-тамыры менен өзгөртүү мыкты жыйынтык берген. Мамлекеттик аппарат, аткарган кызматтары окшош министрликтер жана мекемелер кыскартылган. Лицензиялык уруксат берүү системасын реформалоо милдеттүү лицензиянын санын 300дөн 86га кыскартылган, уруксат алуу 600дөн 50гө. 22 салыктын 7си гана калган. Салык чени дагы азайтылган. Бул бизнести көмүскөдөн чыгарып, казынага түшкөн салык төлөмдөрүнүн көбөйүүсүнө алып келген. Натыйжада аткаминерлердин жана бюджет кызматкерлеринин маянасы жогорулаган.

2003-жылы революцияга чейин Грузия коррупция боюнча 127-орунда болсо, 2009-жылы 66, 2017-жылы 44-орунга чыккан.

Биз ушундай реформаларды жасай алабызбы деген ой тынчтык бербей келет. Бирок реформалоо боюнча системалуу программанын иштелип чыкпаганы коррупциянын тамырына балта чабыларынан күмөн жаратат. Ал эми куру сөз менен тил эмизип коюу менен маселе чечилип кетпесин баарыбыз эле билет эмеспизби.

Грузияда реформага чейин Кыргызстандагыдай эле абал болгон. Бул жылдар бою топтолуп калган, кадимки көрүнүшкө айланган биздин жашоо образыбыз. Кызматка баруу үчүн пара беребиз, МАИ кызматкерлерине акча кыстарабыз, сотторду “сатып алабыз”, ЖОЖдордо  акчанын күчү менен окуйбуз. Жада калса бала бакчага балдарыбызды пара берип киргизип, доктурларга конверт берип келебиз.

“Коррупция менен күрөштүн чени жок. Же сен аны жеңесиң, же ал өлкөнү”,-деп Грузиядагы реформаторлордун бири Каха Бендукидзе айткан.

Бизде азырынча коррупция менен күрөш боюнча алгылыктуу иштер жүрө элек, бирок мүмкүнчүлүк бар экенин Грузиянын тажрыйбасынан улам көрсөк болот. Сооронбай Жээнбековдун командасында бул багытта иштеп, ийгилик жаратканга толук шарт жана жетиштүү убакыт бар.

Сере Чалканова –атайын Elgezit.kg үчүн.

Редакция: Жарыяланган материал үчүн «Elgezit.kg» жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.