Аймактарды реформалоо тууралуу

Саясат 16 Янв 2019 11:46
0 ой-пикир

Kaktus.media сайты жакында эле былтыр Президент тарабынан кол коюлган административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча демилгеге ылайык кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу маалымат жазып чыкты.

Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топ азырынча көңүл жылытарлык көп деле иш аткарбаганы белгилүү болгону жазылган.

Оюбузду айталы. Албетте, бул оңой-олтоң чечиле калчу иш эмес. Анын үстүнө, жумушчу топтун жетекчиси билдиргендей, өзгөртүү үчүн бир канча варианттар сунушталууда. Алардын баарын изилдеп, изилдеп, кайра карап чыгуу зарыл.

Ал эми реформанын маңызы айрым аймактарды жоюп, кээ бирлерин бириктирүү эмес албетте. Аны менен катар эле башкаруу түзүмдөрү дагы өзгөрөрү турган иш. Бир нече варианттардан айрымдарына артыкчылык берилип жатса керек. Себеби, мисал катары Ош облусунун Алай району, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондору боюнча айтылыптыр.

Алай районуна келсек, анын Чоң-Алайдан бөлүнгөнү эске алынса керек. Белгилей кетсек, 1936-жылы эле Алай-Гүлчө районун Ала жана Чоң-Алай райондоруна бөлүшкөн. 1959-жылы алар кайрадан бириктирилип, 1992-жылга чейин Алай району аталган. Кийин кайрадан Алай жана Чоң-Алай райондоруна бөлүнгөн.

Маалымат үчүн айта кетсек, эгерде комиссия бул маселени карап чыгып, эки район бир аймакка бириге турган болсо, анда анын аянты 12442 кв.км болуп, Талас облусунун аймагынан 1000 кв.км. ге чоң болорун аныктагандыр. Бул райондорду бөлүү өз кезегинде калкка кызмат көрсөтүүдөгү, маалымат берүүдө, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүдөгү жана башка кыйынчылыктардан улам болгон. Бул кызматтар райондук борбордо көрсөтүлгөндүктөн Гүлчөгө жетүү үчүн алыскы айылдагылар түнү менен жол жүрүүгө мажбур болушкан.

Ал эми статистикага ылайык, Лейлек районунун калкы 130 миң, районго жакын жайгашкан Сүлүктү шаарынын жашоочуларын кошкондо, болжол менен 145 миң адам. Баткен районунда 70 миңден ашпаган калк жашаганын эске алсак, бул аймакта 220 миңге жакын адам жашайт экен, бул Талас облусунун калкынын санына салыштырмалуу болгону 25 миңге аз. Демек, суроо туулат — өзгөртүүлөр кандай принципте болот? Аймактын аянтына караппы же калктын санынабы?

2000-жылдардын башында жаңы аймактык түзүлүш сунушталган. Ага ылайык, райондор ирилештирилип, облустар жоюлмак. Демек, реформа бизди ошол жылдарга алып барабы?

Белгилей кетчү нерсе, мамлекеттик башкаруу системасында облустарга караганда райондук түзүмдөрдөгү чиеленген маселе көптүк кылат. Аткаруу бийлигинин түзүмдөрү облустун масштабда бир нече жолу оптимизация болуп, кыскартууларга учурагандыктан аларды жоюп салуу өтө оор деле болбойт.

Баардык эле реформалар жакшы максаттар менен жасалат эмеспи, ал эми административдик-аймактык реформа жүргүзүү калктын жашоосун жакшыртууга багытталган. Карапайым адамдар мамлекеттик органдарга кыйынчылыктарсыз, тоскоолдуктарсыз кайрылып, кайра тез жооп алуусу керек. Мамлекеттик органдардын жакшы иштөөсү, калкка өз убагында сапаттуу кызмат көрсөтүүсү өлкөнүн тынчтыгынын жана туруктуулугунун кепилдиги.

Өкмөттүн жумушчу тобу кандай чечим кабыл албасын, биринчи кезекте ушул принципти жетекчиликке алуусу зарыл. Себеби облустук жана райондук деңгээлде аткарылчу иштер кайталанып жатканы тууралуу сөздөр азыр мурдакыдай актуалдуу эмес. Ал эми кыскартуулардан кийин бюджетке пайда келет деген маселенин айланасында да ойлонуу керек, себеби чыгым албетте азаят дегенден алыспыз. Эффективдүү башкаруу тууралуу төмөндө сөз кылабыз. Мындай реформалар ашыкча бюрократияны да жок кылган эмес, бюрократия кандай шартта болсо да жашап келгени бул чындык.

Аны менен катар эле кимдин ким менен биригип, ким кимге кошулушу тууралуу алдын ала айтуу эрте. Бул маселеде комиссиянын шашпаганы туура. Аймактарда жашоону жакшыртуу, мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу маселесинде карапайым калк деле өз көз карашын билдирүүсү зарыл. Оюбузча, ал пикирлер реформа тагдырын чечүүдө маанилүү роль ойношу керек.

Кошуу жана бөлүү иштери калькуляторго салсаң жеңил эле. Ал эми мамлекеттик башкаруу системасын оптимизациялоо жана модернизациялоо бул башка кеп. Кандай болгон күндө да административдик-аймактык реформа жүргүзүү керек, бирок бул маселеде шашылыш чечим чыгарууга болбойт. Бул маселеде жети өлчөп бир кесүү зарыл.

 

Темирбек Орозбаев, атайын Elgezit.kg үчүн.

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.