Айлыктан Соцфондго которулуучу акчанын өлчөмү талкууланат

Окуялар тизмеги 24 Дек 2018 10:10
0 ой-пикир

Бишкекте бүгүн Социалдык фондго чегерилүүчү каражат маселеси талкууланат. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, мамлекеттик социалдык камсыздандыруудагы тарифтик саясат багытында кызматташуу боюнча иш тобу алгачкы жыйынына чогулат.

Ага парламенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү катышат.

Быйыл сентябрь айында Бишкекте социалдык камсыздандыруу маселесин талкуулаган жыйын өтүп, анда кыргызстандыктардын айлык маянасынан Социалдык фондго чегерилүүчү акча боюнча тариф тууралуу сөз болгон.

Ага чейин ушул эле маселе президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анда ишкерлер Соцфондго айлык акынын азыркыдай 25-27% эмес, 20% которуп туруу сунушун айтышкан.

Камсыздандыруу тарифтери жогору болгондуктан ишкерлер кирешесин жашырууга мажбур экени да айтылып, орто жана чакан бизнестин 60% көмүскөдө иштеп жатканы белгиленген.

Ошону менен катар жылдан жылга Кыргызстанда пенсионерлердин саны өсүп, ал эми аларга пенсия төлөй турган фонд көбөйбөй жатканы да айтылган.

Кыргызстанда 648 000 пенсионер бар. Алардын 38% мамлекеттен жашоо минимумунан төмөн акча алышат. Орточо пенсия 5682 сомду түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.