Жээнбеков: Текебаевдин ишине кийлигише албайм, мунапыс гана бере алам

Окуялар тизмеги 19 Дек 2018 12:22
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албайт, бирок мыйзам боюнча мунапыс бере алат. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан пресс-конференцияда айтты:

— Баардык соттук инстанция бүткөн. Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.