Жээнбеков: Райымбек Матраимовдун байлыгы текшерилет

Окуялар тизмеги, Өлкө 19 Дек 2018 12:43
0 ой-пикир

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун байлыгы тууралуу жүйөлөр текшерилет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

Өткөн айда «Апрель» телеканалындагы маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду «Райымбек Матраимовго болушкан» деп билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.