Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйын өткөрөт

Окуялар тизмеги 19 Дек 2018 09:45
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйын өткөрөт.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйында жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү каттоодон өткөн.

Президент быйылкы иштер тууралуу айтып, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп бермекчи.

Жээнбековдун бийликке келгенине бир жылдан ашык убакыт өттү. Ал 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо алдыга чыгып, ошол эле жылы 24-ноябрда ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.