Жээнбеков: санариптик өнүктүрүүгө каршылык көрсөткөндөр да бар

Окуялар тизмеги 14 Дек 2018 11:03
0 ой-пикир

Бүгүн, 14-декабрда Ала-Арча резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган Коопсуздук кезектеги кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Анда өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланууда. Жыйында президент бир катар маселелерди маалыматтык технологияларды киргизүүнү каржылоо төмөн, санариптештирүү боюнча стратегиялык документ жок деп айтты.

“Эң кейиштүүсү – санариптик кызматтарды көрсөтүү ишине мамлекеттик органдардын кызыгуусу төмөн. Алар өздөрү түзгөн маалыматтардын базасы башкаларга мыйзам чегинде жеткиликтүү болушуна каршылык көрсөтүп жатат. Соңку жети жылда мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 миллион доллар жумшалганы менен жарандарыбыз жана ишкерлерибиз сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келишет”, — деди Жээнбеков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.