Жээнбеков: Бир катар мамлекеттик органдардын иши начар

Окуялар тизмеги 14 Дек 2018 11:49
0 ой-пикир

Бүгүн, 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылган Коопсуздук кезектеги кеңешинин жыйынында санарипти өнүктүрүүдө тоскоолдук кылып жаткан айрым мамлекеттик органдарды сындады.

Мамлекеттик каттоо кызматы, улуттук энергохолдинг компаниясы, Саламаттык сактоо министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлигинин ишине начар деп баа берди.

Президент жылдын аягында мындай жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертип, санариптик өнүктүрүү, электрондоштуруу боюнча иштер атайлап жасалбай жатканын белгиледи. Мындан сырткары Чек ара кызматы туризмге тоскоолдук кылып жатканын да айтып өттү.

Маалыматка ылайык, 119 кызмат 2019-жылдын аягына чейин электрондук форматка өтүшү керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.