Президент жарандар сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай жатканын айтты

Окуялар тизмеги, Өлкө 14 Дек 2018 12:11
0 ой-пикир

Акыркы 7 жылдын ичинде мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 миллион доллардан ашык каражат (дээрлик 3,5 миллиард сом) жумшалган. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин отурумунда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, ири суммадагы акча жумшалганына карабастан жарандар жана ишкерлер сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келет.

«Мамлекеттик органдар эскирген жабдууларды жана эски системдерди сатып алууга каражаттарын коротуп жатат. Булардын баары моралдык жактан эскирип, мезгилдин талаптарына жооп бербейт. Ушул фактылардын баары өлкөнү санариптешүү боюнча мамлекет жасап жаткан чараларга терс таасирин тийгизүүдө. Мунун айынан маалыматтык технологияларды киргизүүдөгү натыйжа жокко эсе болуп жатат», — деди Жээнбеков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.