Президент санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу ачык коом орнотуу планын айтты

Окуялар тизмеги 14 Дек 2018 16:40
0 ой-пикир

2019-2023-жылдарда Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыкты. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, бул концепциянын негизги максаты — санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу.

«Мамлекеттик бийликтин негизги функцияларын аткаруу үчүн санариптик технологияларды кеңири колдонуу зарыл. Бул иш мыйзам чыгаруу, сот процессин жүргүзүү, аткаруу бийлигинин функцияларына тиешелүү. Айрыкча, укук коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, банк системин, салык жана бажы тармактарын камтышы керек. Жалпы коомубуз ушул багытты колдогондо гана биз бул иштин ийгилигине жетебиз», — деди өлкө башчы.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.