Президент “Ата-Бейитте” Айтматовдун эстелигине гүл койду

Окуялар тизмеги 12 Дек 2018 10:54
0 ой-пикир

Бүгүн, 12-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл койду. Жазуучуну эскерүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, жазуучунун туугандары жана санаалаштары келишти. Анда гүл коюлгандан кийин Куран окулду.

Андан соң 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, 1916-жылдын курмандыктарынын монументине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын мемориалына гүл коюп, Куран окутушту.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.