Москва шаарында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун эстелиги ачылды

Аймак, Окуялар тизмеги 07 Дек 2018 17:25
0 ой-пикир

Бүгүн, 7-декабрда Москва шаарында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун эстелиги ачылды.

Эстеликтин ачылыш аземине учурда Орусияда жүргөн КР президенти Сооронбай Жээнбеков, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин катышты.

Атактуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган эстелик Москвадагы Айтматовдун атындагы гүлбакта тургузулган.

Эске салсак, жазуучунун 90 жылдыгына арналган ушундай эле эстелик жана парк ноябрь айында Беларусиянын Минск шаарында ачылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.