Жогорку Кеңештин комитети экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Без категории 27 Ноя 2018 13:50
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, экс-президент Конституцияда белгиленген бир катар артыкчылыктар менен жеңилдиктерден ажыратылат. Аны депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев иштеп чыккан.

— Эң негизгиси — биз 12-беренени жокко чыгарып жатабыз. 2011-жылы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке 12-беренени алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жиберген болчу. Кийин 2014-жылы Адилет министрлиги ушундай долбоорду бизге жөнөтүп, бирок бизге жетпей өкмөттө калып кеткен. Ошондуктан бул жаңылык эмес, бул мурунку адамдар өздөрү сунуш кылган долбоор. Азыр биз Конституцияга дал келтирүү үчүн сунуш киргизип жатабыз, — деди Масалиев.

“Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесинде “экс-президенттер кылмыш жообуна тартылбайт, кармалбайт, камакка, тинтүүгө жана суракка алынбайт” деп жазылган. Курманкул Зулушев бул беренени алып салуунун негиздерин белгиледи:

— Коррупциялык кылмыштарды жасаганы үчүн жазадан кутула албай турганын камсыз кылуу максатында тиешелүү өзгөртүү сунушталып жатат.

Мындан сырткары президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү менен ден соолугун мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу, акысыз медициналык тейлөө нормаларын алып салуу сунушу бар. Экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда ушул беренедеги бардык кепилдиктер токтотулат. Мыйзамдын 18-беренесин күчүн жоготту деп таануу сунушталып, ар-намысын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Комитет мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралган учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловду, юстиция министри Марат Жаманкуловду, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду чакырууну чечти.

Кыргызстанда экс-президент статусу Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде гана бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.