Курултайдан кыска кеп

Саясат 26 Ноя 2018 18:30
0 ой-пикир

Маалымат агенттиктери 24-ноябрда Кыргызстандын коомдук, саясий жана патриоттор биримдигинин өкүлдөрү элдик курултай өткөргөнүн жазып чыгышты. Ага 450 делегат – анын ичинен 150 өлкөдөгү саясий партиялардын өкүлдөрү, калгандары жарандык сектордун, коомдук биримдиктердин өкүлдөрү болуп катышышты.

А.Бекназаров азыркы президенттин ишмердүүлүгү тууралуу доклад окуду. Сөзүнүн акырында ал өлкө башчысынын ишин канааттандырарлык деп таанууга чакырды.  Дагы бир докладчы Э.Каптагаев А.Атамбаевдин иши тууралуу сөз сүйлөдү. Жалпысынан Р.Жээнбеков, Турсунбек Акун, А.Келдибеков, Н.Түлеев баш болгон 44 катышуучу соз сүйлөштү. Көп нерсе айтылды, бул форумдун статусу жана форматы дал ушундай болду.

Elgezit.kg курултайда кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, алар канчалык ишке ашат жана курултай өлкөнүн мамлекеттик-укуктук системасынан орун таба алабы деген суроого жооп издеди. Анткени, курултай өтөрү тууралуу көп маалыматтар тарады, анын уюштуруучулары бул жыйынды өлкөнүн коомдук-саясий жашоосундагы ири окуя катары сыпаттап жатышты.

Кыргызстанда элдик же республикалык курултайдын уюштуруу-укуктук жагы аныкталган эмес. Албетте, көчмөн доорунда баары башкача эле, башкаруучуну, ханды шайлоо учурунда курултай чындыгында иштеп турган институт болчу. Кийин деле курултайлар өттү, мисалы 2005-жылы революция алдында өткөн ынтымак курултайы эсте каларлык болгон. Президент Бакиев курултай тууралуу жобо бекиткен. Ага ылайык, партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү белгиленип, делегаттарды көрсөтүү тартиби аныкталып, ошондой эле курултайдагы чечимдерди аткаруу бийликтеринин кароо тартиби да бекитилген.  Бул эмне менен аяктаганы баарынын эсинде. Кийинчерээк башка концепция, жобо жада калса курултай тууралуу мыйзам долбоору сунушталган, бирок эч нерсе өзгөргөн эмес.

2017-жылы майдын аягында өткөн курултайда А.Бекназаров: “Биз улуттук курултайдын долбоорун жаздык, ага ылайык, 450 айыл өкмөттөрүндө жана 30 шаарда курултай өтөт. Эгерде алар КРнын президентин канааттандырарлык эмес деп табышса, анда президент 3 күн ичинде отставкага кетиши керек. Элдин экзаменинен өтпөгөндөрдүн баары кетет. Бийлик ар бир айылга отчет берет, себеби баардык айылдар өз баасын беришет. Биз Бишкекте гана чогулбайбыз. Биз канча айыл өкмөтү “эки” койгонун жана канчасы колдогонун санап чыгабыз. Эгерде көпчүлүгү “эки” койсо, анда алар кетиши керек. Негизинен эле улуттук курултай көзөмөлдөөчү жана багыт берүүчү бийлик бутагы болуш керек”-деген.

Андан бери бир жарым жыл өттү, бирок өлкөдө курултай тууралуу маселе дагы деле чечилген эмес жана эч бир юрист өткөн курултайдын укуктук негиздери жѳнүндѳгү маселеге жооп бере албайт. Бирок албетте, саясат – өзгөчө  иш, бул жерде кандайдыр нюанстар негизги мааниге ээ эмес болушу толук ыктымал.

Балким, эл үчүн курултайдын статусуна түшүндүрмө берүү оор болсо керек. Бирок ким жана кантип делегаттарды курултайга жибергенин, партиялар үчүн квота болгонбу, аларды ким аныктады, партия  съезди болдубу же лидерлер өздөрүбү, же баары “ким канча адам жана кимди жиберсе өзү билет” деген принцип менен болдубу айтып беришсе болмок.

Курултайга ар түрдүү адамдар келгени жана ар кандай сөздөр болгону факт. Ар кандай ораторлор сүйлөштү, алар ишке ашпай турган жана ишке ашырса боло турган сунуштарды айтышты. (Бирок, бүгүнкү күнү саясатчылар, коомдук ишмерлер ансыз деле маек куруп, интервью берип, же социалдык тармактар аркылуу өз пикирлерин ачык эле билдирип келишет). Бирок кеп ар кандай чогулуштардын, форумдардын айырмачылыгы алардын жыйынтыгында  кабыл алынган чечимдердин күчүндѳ, алардын милдеттүү түрдѳ аткарылышында же аткарбаса да боло бере тургандыгында эмеспи.

Келгиле жыйынтыктарга кайрылалы. Көпчүлүктүн добушу менен Сооронбай Жээнбековдун иши канааттандырарлык деп табылды (талапкерлерди тандоо тартиби ушул жерде маанилүү экенин көрсөттү-себеби оппоненттер С.Жээнбековдун тарапташтары чогулган деп санашууда). Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана парламенттин иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Ишине мындай баа берилген мыйзам чыгаруучу орган курултайдын башка чечимдерин карагысы да келбейт деген ойдобуз, ал эми экс-президенттин тарапташтарынын курултай тууралуу реакциясы ансыз да белгилүү эмеспи.

Анын үстүнө Атамбаевдин ишине укуктук баа берүү, аны узурпатор деп саноо, анын байлыгын текшерүү боюнча комиссия түзүү сыяктуу пункттар курултай бир кишини жамандоо үчүн эле өткөрүлгөндөй элес калтырды.

Бирок өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү  сунуш берилди – жаңы Конституцияны кабыл алуу жѳнүндѳ. Ошол эле мезгилде парламентаризмди күчөтүү керекпи, же президенттик башкаруу болуусу зарылбы, аныкталган жок. Биздин оюубузда, бул негизги маселе, эгерде бул маселеде бирдиктүү пикирге келе алышпаса, анда Конституцияны өзгөртүү тууралуу башка иш аракеттер маанисиз.

Эң акыркы чечим – курултайда берилген сунуштар аткарылуусу боюнча өкмөттү текшерүү укугу курултайдын уюштуруучуларына   берилди. Кайсы сунуштар, кандай текшерүү жана кайсы уюштуруучулар? Бул ишке ашпаган пункт курултайдын башка чечимдеринин үстүндө иштегендердин аракетин жокко чыгарчудай.

Бир нерсе кубандырат – бүгүнкү Кыргызстан кандай болгондо да көп кырдуу пикирлерге жол берген өлкө.  “Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишин эмне себептен канааттандырарлык деп санайсыз” — деп сурашса, дал ушул көп кырдуу пикирлерге тыйуу жок экендиги үчүн деп айтаар элем.

Калганын болсо убакыт көрсөтөт.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.