Мыйзамдуу алдамчылык

Коом 13 Ноя 2018 11:52
0 ой-пикир

Жайдын аягында, Кыргызстандагы мектептерде жана университеттерде окуу жылы башталар алдында Россиянын Диссернет көз карандысыз коому илимге умтулгандар үчүн сабак боло турган маалымат жарыялады – алар кадыр-барктуу болгон илимдин кандидаттарынын жана докторлорунун диссертациясында плагиат бар экендигинин далилдерин коомчулукка жар салышты. Бирок, мындан эч ким сабак албагандай: бул окуя кимге тиешелүү болсо, баары аны тезинен унуткарууга шашты.

Адилеттүүлүк үчүн белгилей кетүү керек, диссертациясынан плагиат табылган ошол учурдагы Бишкектин вице-мэри өзүнүн илимий даражасынан баш тартуу боюнча Жогорку аттестациялык комиссияга кайрылды. Башкаларга салыштырмалуу ал уяттуураак болуп чыкты, а балким, даража алгандан кийин ал академиялык иш менен алектенбегендиктен ушундай кадамга баруу жеңилирээк болгондур. Ал эми калган плагиаторлор болсо, алардын академиялык карасанатайлыгы жалпыга жарыялангандыгынан деле кабары жоктой. Болгону социалдык тармактарда Кыргызстандын беделдүү ЖОЖунун биринин профессору анын ишин сындап пикир калтыргандардын бирин коркутканы белгилүү болду. Кыргыз илиминин абалына эң олуттуу реакция кылган Жогорку аттестациялык комиссия болду: комиссия Кыргызстандагы диссертациялар базасын жаап салды, эми Диссернет сыяктуу коомдор жана башка адамдар комиссия илимий даража берген адамдардын бетин ача алышпайт.

Кыргызстанда плагиат кадимки көрүнүш экени жашыруун деле эмес, бирок трагедия дал ушул жерде башталат. Бир белгилүү окумуштуу эч кандай нааразычылыксыз эле диссертациялар уурулук кылуу менен көчүрүлүп алынганы тууралуу пикирин билдирди. Ушундай белгилүү окумуштууга бул фактылар эч кандай маанилүү эмес экенин көргөндөн кийин өлкөдөгү илимдин жана интеллигенциянын абалына тынчтанбай койбойт экенсиң.

Плагиат кадимки көрүнүш болбошу керектигине бир нече себеп бар… Ал учурда кеңири кулач жайганы менен аны жоюу же кыскартуу үчүн кыргыздардын интеллектуалдык жашоосунда плагиат жаман көрүнүш катары кабыл алынуусу керек.

Биринчиден, плагиатчылыктын мааниси тууралуу кеп кылсак. Плагиат – бул уу-ру-лук. Кайсы бир убакта, кимдир бирөө аракет кылып, изилдөөлөрдүн үстүнөн иштеп чыгып, ишин жазган. Кийин кимдир бирөө ал ишти толугу мененби же кайсы бир бөлүгүнбү алып, автордун атын өзүнүкүнө өзгөртүп, жылдар бою эмгектенип ушул оригиналдуу илимий ишти жазганын жарыялайт. Бирөөнүкүн алып өзүнүкү кылып алуу уурулук. Ошондуктан бул плагиат кылгандын баары-калп окумуштуулар – кичинекей нерсени эмес, баалуу ишти уурдаган уурулар.

Экинчиден, плагиат – бул алдамчылык. Себеби кадимки ууру уурдаган нерсесин жашырса, плагиатор аны коомчулукка өз иши катары жарыялайт. Диссертация жок болбой турган нерсе, аны ичип жеп же өрттөп жиберүү мүмкүн эмес. Бир жолу уурдалган диссертацияны жактаган адам өмүр бою алдамчы болот, жада калса урпактарын өмүр бою алдайт. Себеби Жогорку аттестациялык комиссия плагиаттык жол менен жазылган диссертацияларды өмүр бою бекитип жата албайт. Ошондуктан, плагиат – бул өзгөчө алдамчылык.

Үчүнчүдөн, бул кылмыш. Аны карасанатайлык же алдамчылык катары караса болот, себеби академиялык кызматкерлерге чиндер жана кызматтар берилип, илимий даражасына жараша маяналарына акча кошулат. Салыштырып караганда  Афган согушунда “кызмат өтөгөнү” үчүн өздөрүн “Афган согушунун ардагерлери” атап кандайдыр бир жеңилдик алгандар менен плагиат кылып диссертация жактап, артыкчылыкка ээ болгондордун айырмасы деле жок.

Плагиаттын коомго терс таасир тийгизчү жагдайлары да бар, ошондуктан аны кадимки көрүнүш катары кароого болбойт.

Бул жерде тарбиялык терең маани бар. Кайсы бир профессор же окумуштуу студенттерге, аспиранттарга окумуштуулардын жогорку даражасы жана интеллектуалдык эмгеги тууралуу сабак өтүп жатып өзү ал даражага алдоо же уурулук кылуу жолу менен жеткен болсо, бул келечек муунду тарбиялоого чоң залакасын тийгизет. Кыргызстанда жана илим докторлорунун жана кандидаттардын саны өскөнү менен балким, илим деңгээли төмөн түшүп кеткени плагиаттын негизги себебидир.

А балким, плагиаттын жайылышынан улам профессор изденгендин ордуна башкалардан көчүрүп алып, натыйжада билим берүү тармагында, мектептен баштап жогорку окуу жайларга чейин билим берүү сапаты төмөндөп жаткандыр, себеби дал ошол плагиат кылган окумуштуу студенттердин критикалык жана көз карандысыз ой жүгүртүүсүн чектеп жатат. Студент болсо 4-5 жыл катары менен өзү окуп, изденгендин ордуна жолдошторунан, китептерден жана интернеттен көчүрүп, маселени чечүү жолдорун билбей, билими жок, критикалык ой жүгүртүүсү аксаган адис болуп чыгууда.  Окуучу классташынан көчүрүп, реферат интернеттен көчүрүлүп же бирөөдөн сатып алынышы керек деген ой менен жүрүп, эч нерсе билбеген, эч нерсеге кызыкпаган, ой жүгүртүүсү кыска адам болуп калууда.

Плагиаттын биздин коомдун эң чоң көйгөйү болгон коррупция менен болгон байланышы да бар, ал баары күрөшкөнү менен эч кандай натыйжа чыкпаган коррупция. Бул жерде көйгөй олуттуу – плагиат бул коррупциянын эле бир түрү, плагиат кылган адам өзүн-өзү паракорлордун катарына кошо берсе болот. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында экзамен тапшыруу учурунда көпчүлүк студенттер бааларын сатып алары баарына белгилүү. Бааны саткан профессор плагиатчылык менен профессор болгонун элестетүү эң оңой. Муну элестете албай коюу эң кыйын. Дал ушул этапта өз көйгөйүн чече баштаган көпчүлүк жаштар коррупция маданиятын түшүнүп башташат – баа сатып алуудан баштап, реферат, курстук иштерди сатып алууга чейин. Ал эми профессор болсо буга көз жумуп коёт. Акырында калп-окумуштуулардын көйгөйүнө окшош башка окуялар тууралуу да эстей кетели. Алардын бири аскердик чиндер. Кыргызстанда генералдар, полковниктер, майорлор өтө көп. Кол алдындагылар андан көп. Ал эми жогорку даражадагы погондордун тагынгандардын арасында сөгүнгөндөн башканы билбеген түркөйлөрү да бар. Дагы бири – саясий партиялардын саны. Саясатчылардын көбүнүн эле партиясы бар, алардын көбүндө жакшы жашоо тууралуу убададан башка эч нерсеси жок. Үчүнчү – депутаттар, төртүнчү – соттор, бешинчи – эксперттер ж.б.  Баардык жакта жасалмалуулук, бирөөнү же бир нерсени сындагандар, көйгөйдү чечүү жолдорун ойлогондор жок. Бирок жасалмалуулук менен плагатчылыктын айырмасы бар, плагиат башка адамдардын эмгегинен уурдалып алынса, генералдар, депутаттар, партиялар ж.б. уурдалбай эле көбөйүп жатышат. Демек, плагиатчылык жасалмалуулуктан дагы жаман көрүнүш деп санасак болот.

Бирок ал менен күрөшпөй, анын жайылуусуна бөгөт койбой, тескерисинче диссертацияларды башкалар көрбөш үчүн бекитип коюу же ал тууралуу үн катпай унутуу – уурулук, алдамчылык жана коррупция менен алек болгондор үчүн кадимки көрүнүш. Жана алар Кыргызстанга ушундай мамиле кылса боло берет деп ойлошот.

Маалымат үчүн: Диссернет – бул кандидаттык жана докторлук диссертацияларга көз карандысыз экспертиза жүргүзгөн орусиялык эксперттердин жана изилдөөчүлөрдүн коому. Алар “алдамчылардын, митаамдардын, жасалмалардын бетин ачабыз” деп келишет.

Elgezit.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.