Таласта Айтматовдун 90 жылдыгы белгилене баштады

Без категории 08 Ноя 2018 16:42
0 ой-пикир

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Талас шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүлчамбар койду. Ошентип жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө расмий башталды.

Иш-чаранын алкагында «Манас ордо» комплексинде 90 боз үй тигилип, 30 жылкы союлуп, 16 төкмө акын катышкан айтыш уюштурулат. Таласта өтүп жаткан иш-чараларга Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шер-Нияз, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев да катышууда.

Быйыл Таластагы иш-чаралар Кыргызстанда алгачкы жолу майрамдалып жаткан «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» туш келген. Буга байланыштуу жарлыкка 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Буга чейин 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү катары белгиленип келген. (AlS/KR)

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.