Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы визасыз каттоо боюнча өкмөт аралык келишим күчүнө кирет

Окуялар тизмеги 05 Ноя 2018 16:03
0 ой-пикир

8-ноябрда тарта Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы визасыз каттоо боюнча өкмөт аралык келишим күчүнө кирет. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, мындан ары эки өлкө жарандары бири бирине 90 күндүк мөөнөттө визасыз каттай алат. Документке 2017-жылы 5-декабрда кол коюлган. Бул 11 айдан бери аны ишке ашыруудагы ички жараяндар жүргүзүлдү.

Жогорку Кеңеш Сербия менен виза режимин жоюу боюнча макулдашууну быйыл 26-апрелде ратификациялаган. Бул мамлекет Европанын түштүк-чыгышында жайгашкан.

Быйыл 10-сентябрда дүйнө өлкөлөрүнүн паспортторунун жаңы рейтинги чыккан. «Arton Capital» компаниясы жарыялаган тизмеде дүйнө өлкөлөрү паспортунун кубаты боюнча 83 топко бөлүнүп, Кыргызстан 64-топко кошулган.

Учурда Кыргызстандын жарандары 27 мамлекетке визасыз каттай алса, 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат, ал эми 132 мамлекет үчүн күн алдын ала виза алуу талап кылынат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.