Бизнес үчүн түзүлгөн шарттар боюнча рейтингде Кыргызстан 190 мамлекеттин ичинен 70-орунга жайгашты

Окуялар тизмеги 01 Ноя 2018 12:58
0 ой-пикир

Бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар боюнча рейтингде Кыргыз өлкөсү 70-орунда жайгашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын отчётунда айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсү 62,33 упай менен 190 өлкөнүн ичинен 70-орунда жайгашкан. Рейтингди түзүүдө өлкөлөрдөгү бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар, ишке ашырылган реформалар эске алынган. Кыргыз мамлекети өткөн жылдарга салыштырмалуу бизнес жүргүзүү шарттарын жакшырткан Түркия, Кытай, Азербайжан, Индия сыяктуу мамлекеттердин катарына кирген.

Рейтингде алдыңкы бештикке Жаңы Зеландия, Сингапур, Дания, Гонконг, Түштүк Корея өлкөлөрү кирген. Коңшу мамлекет Казакстан 28-орунда жайгашса, Орусия 31-орунду ээлеген. Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнөн 6 баскычка төмөн жайгашып, 76-орунду алса, КМШ мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү көрсөткүчтү 126-орунга ээ болгон Тажикстан көрсөткөн.

Рейтингдин эң төмөнкү орундарын Венесуэла, Эритрея, Сомали мамлекеттери толуктайт.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.