Жөлөкпул мыйзамынын аткарылышына мониторинг жүргүзүлөт

Окуялар тизмеги 30 Окт 2018 11:03
0 ой-пикир

Парламентте «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Топту КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева жетектейт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселе Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин дүйшөмбүдөгү жыйынында талкууланды.

Жумушчу топко мониторингдин жыйынтыгын кийинки жылдын 30-апрелине чейин тармактык комитетке маалымдап, андан кийин сессияга алып чыгуу тапшырмасы берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.