УКМК: Чагымчыл видеороликтерди тараткан 29 жаштагы жаран кармалды

Окуялар тизмеги 23 Окт 2018 11:46
0 ой-пикир

Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеону тараткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран «WhatsApp» социалдык тармагында топ түзүп, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеону тараткан. Ал 29 жаштагы Баткен облусунун тургуну экени айтылат. Кармалган жаран 2010-жылдагы окуяларда тартылган видеороликти жайылткан. Анда өзбек улутундагы топ балдар, кыргыз улутундагы балдарды ур токмокко алып, кечирим сураткан.

Атайын кызмат тараткан билдирүүдө 22-октябрда кармалган жаран жасаган ишин толук мойнуна алган.

Маалымат үчүн: Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык улут аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттерди пропагандалоо үчүн төрт жылдан жети жылга чейинки абак мөөнөтү берилет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.