Тулада кармалган мигранттардын арасында кыргыз жарандары жок

Аалам, Окуялар тизмеги 23 Окт 2018 10:48
0 ой-пикир

Тулада кармалган мигранттардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

— Биздин кызматкерлер Туладагы мигранттардын кармалышы боюнча маалыматты кайра тактап, тиешелүү тейлөө борборунун инспекторлору менен байланышты. «Кармалгандар арасында Кыргызстандын жарандары жок» деген маалымат алган.

Орусиянын Тула шаарында 20-октябрда шаардагы аянттын жанындагы базарларда рейд жүргүзүлүп, ОМОНдун өкүлдөрү бир саатта 300дөй борбор азиялык мигрантты кармаган.

Тула облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын айтымында, рейдге мигранттардын балдары кармалып турган жай тууралуу маалымат түрткү болгон. Ал жерде ар түрдүү курактагы жеткинчектер ата-энелери жумуштан келгенче кармалып турары айтылды. Кармалгандар негизинен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары экени, арасында кыргызстандыктар болбогону кабарланган.

Туладагы мигранттардын жапырт кармалышы жана аларды туткундардай кылып тизип алып, полицияга алып бараткан күч түзүмдөрүнүн аракети социалдык тармактарда сынга алынды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.