Сапар Исаковдун кайын атасынын үй мүлкүн текшерүүгө уруксат берилди

Окуялар тизмеги 17 Окт 2018 12:16
0 ой-пикир

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун кайын атасынын үй мүлкүн текшерүүгө уруксат берди. Мындай чечим шейшембинин кечинде чыкканын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Токтакунов сот айыптоочу тарап отурумга катышпаса деле ошолордун өтүнүчүн канааттандырып койгонуна нааразы болууда:

— Сот башкача чечим чыгарышы керек болчу. Алар өзүлөрү келип аргументин айтып бербесе деле ошолорду колдоду. Демек, бул саясий буюртма. Анткени саат 9:00дө баштады, тергөөчүнү 16:00гө чакырабыз деп жылдырды. Тергөөчү баары бир келген жок.

Токтакунов Исаковдун кайын атасы анын үй мүлкүнө күйөө баласынын тиешеси жоктугун тастыктаган документтерди көрсөткөнүн айтууда. Ишти караган судья Адис Момуналиев сөз үйдү тартып алуу эмес, анын наркын баалоо тууралуу гана болуп жатканын билдирди.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) реконструкциялоо үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайына байланыштуу УКМКнын тергөө абагында жатат. Кылмыш ишин УКМК козгоп, тергөөдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.