Исакунова жөлөк пулга берилүүчү 1 миллиард 300 миллион сомду үнөмдөп, 59 унаа сатып алууну көздөгөнбү?

Окуялар тизмеги 17 Окт 2018 14:14
0 ой-пикир

“Элдин көбү жөлөк пул ала албай жатканда Исакунова 1 миллиард 300 миллион сом үнөмдөп калган”,  — деди депутат Аида Касымалиева бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында. Эл өкүлү министрдин бул аракетин кылмыш катары мүнөздөп, теритирүү жүргүзүүнүн зарылдыгын айтты.

Исакунова министр болуп иштеп турганда элдин көбү жөлөк пул ала албай калган учурда 1 миллиард 300 миллион сом үнөмдөп койгон. Ал акчага 59 унаа жана интернаттарды оңдойм деген каты бар экен. Муну каржы министринин орун басары да тастыктады. Мен аны текшерүүгө берем. Башкы прокуратура жана Коррупцияга каршы кызматы дагы барып текшериш керек. Бул деген кылмыш», — деди Касымалиева.

Депутат мындан тышкары мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова кызматтан кеткенине карабай буйрук чыгарып , мамлекеттик жумушка аралашып жатканын айтты. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.