Депутат: Транспорт министрлиги эң коррупциялашкан мекеме

Окуялар тизмеги 27 Сен 2018 11:48
0 ой-пикир

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында траспорт министрлиги эң корупциялашкан министрлик экендиги айтылды. Бул тууралуу эл өкүлү Айбек Алтынбеков айтты.

“Транспорт министри боюнча маселе бар. Жылына ар бир райондо 2-3 километрге чейин асфальт басуу боюнча Базар-Коргондогу Үч-Булак айылына кеткен жол бар ал минтранстын балансында ошол жерге жылына 2-3 км асфальт басылып келген. Жамшитбек Калилов келгенден бери ал жол таптакыр эле токтоп калды. Министрге канча кайрылабыз бирок майнап жок. Минтранс эң коррупциялашкан министрлик деп айтсам болот. Балким министр таза иштеп жаткандыр бирок ар кандай баш аламандык коррупцияга жол бергендер көп. Эгерде министрибиз ошол нерсеге жол берсе анда бул кызмат боюнча премьер-министр карап чыксын”- деди депутат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.