Мамлекеттик карыздын чегин ИДПнын 70 пайызына чейин жогорулатуу сунушталды

Окуялар тизмеги 24 Сен 2018 13:40
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында өкмөт мамлекеттик карыздын чегин ИДПнын 70 пайызына чейин жогорулатууну сунуштады. Бул сунушту каржы министри Адылбек Касымалиев демилге кылган. Анын айтымында, 2017-жылы мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 63 пайызына барабар болгон. Бул көрсөткүч 2018-жылдын июлуна карата төмөндөгөн. Буга Орусия Кыргызстандын карызын кечкени себеп.

Министр белгилегендей, учурда мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 55,8 пайызын түзөт. Анын 48 пайызы тышкы карыз, 7,7 пайызы ички карыз.

Депутат Таабалды Тиллаев валюта курсундагы өзгөрүүлөр тышкы карызга олуттуу таасири тийиши мүмкүн экенин айтты.

“Силерге мамкарыздын босгосун чектөөнүн эмне зарылчылыгы бар? Эртеӊ доллардын куну 100 сомго чыгып кетсе эмне кыласыӊар?” – деди Тиллаев.

Ал эми Өкмөт эл аралык каржы уюмдарынан инфратүзүмдү өнүктүрүү багытында жеӊилдетилген шартта карыз алып тураарын, бирок сунушталып жаткан чектин алкагында гана бул иштер жүргүзүлө турганын белгиледи.

“Эгерде форс-мажордук абал түзүлүп калса, Өкмөт тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөт, анын механизмдери каралган”, — деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.