Өзбекстандан кирген продукциялар кыргыз дыйкандар менен ишкерлерди банкрот кылуудабы?

Окуялар тизмеги 20 Сен 2018 15:47
0 ой-пикир

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында айыл чарба тармагын коргоо, ата мекендик ишкерликти колдоо маселелери айтылды.Депутат Айтмамат Назаров коңшу мамлекеттер менен алака жакшырып, карым-катыш, алыш-бериш жолго коюлганы жакшы болгону менен, мунун терс таасири айыл чарба ишкерлерине, дыйкандарга тийип жаткандыгын чечмелеп берди.

«Өзбекстанда аба ырайы эрте жылып, Кыргызстандын дыйкандары өстүргөн өнүмдөрү бышканча алардын продукциялары республика аймагына эрте кирип, андан тышкары, ЕАЭБ аймагына чейин эртелеп сатылып кетүүдө. Мындан улам, биздин дыйкандар, айрыкча, күнөскана иштеткендер банкроттук абалга жетти. Өзбекстандан колго алынуучу жүк деген макам менен товарлар кирет. Бирок ошол колго алынуучу жүк деген макам менен канча товарлар бажы төлөмү төлөнбөй кирүүдө. Текстиль тармагы болсо “Дордойду” басып кетти”,- дейт эл өкүлү.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.