Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты пара алып жатып кармалды

Окуялар тизмеги 19 Сен 2018 11:27
0 ой-пикир

Нарында Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты 15 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 19-сентябрда кабарлады. Маалыматта айтылгандай, ал аймактагы электр компаниясынын жумушчусун опузалаган, анын абоненттерден акча алып жүргөнү тууралуу далили бар экенин айткан жана 20 миң сом талап кылган.

Факт боюнча Нарын облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 313-беренеси («Пара талап кылуу») менен иш козгоду.

Шектүү Нарын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.